БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айыл кеңешинин XXVI чакырылышынын XVI сессиясы
2016-жылдын 27-июлу № 115
«Биринчи Май айыл аймагынын калктуу конуштардын чек араларын белгилөө материалдарын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 13-беренесинин «административдик аймактык түзүлүшү боюнча» 3-пунктун жетекчиликке алып, «Кыргызмамжердолборлоо» мамлекеттик долборлоо институнун Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын Биринчи Май айыл аймагынын калктуу конуштардын чек араларын белгилөө боюнча көрсөткөн материалдарын жана Биринчи Май айылдык кеңешинин жер коммиссиясынын отурумунун 2016-жылдын « 25 » июлундагы № 50 протоколун карап чыгып,
Биринчи Май айыл кеңешинин сессясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. «Кыргызмамжердолборлоо» Мамлекеттик долборлоо институнун Республикалык топурак- агрохимиялык станциясынын Ак-Суу айылынын чек араларын белгилөө боюнча иштелип чыккан жана көрсөтүлгөн материалдары бекитилсин.
2. Биринчи Май айыл аймагынын башчысы М.К.Кадыркуловко Биринчи Май айыл аймагынын калктуу конуштардын чек араларын белгилөө боюнча материалдарын Москва районунун мамлекеттик администрациясына бекитүү учун жиберүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун. аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айылдык кеңешинин жер коммиссиясынын төрагасы В.В.Олейниковко жүктөлсүн.
Төрага | Б.А. Саралаев |