Загрузка документа…
ѲЗГѲРYШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-январы № 1
Ѳзгѳрγш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 27-январындагы болуп ѳткѳн 6-чакырылышынын 1-сессияда такталып ашкан каражаттарды бѳлγштγрγγ жѳнγндѳ маселени карап чыгып Ѳзгѳрγш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ѳзгѳрγш айыл аймагына “АРИС” долбоорунан алынып жаткан эксковаторго кошумча 60,000 сом акча каражаты айдоочусу Сарыкул уулу Турсунбек аркылуу тѳлѳнсγн.
2. Эксковаторду алып келγγгѳ жол каражаты жана тамак ашына айдоочусу Сарыкул уулу Турсунбекке 10,000 сом акча каражаты бѳлγнγп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы каржы бѳлγмγнγн башчысы Э. Батыркановага жγктѳлсγн.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Ѳзгѳрγш айыл аймагынын башчысы Э. Ниязалиевге жγктѳлсγн.
Төрага | Т. Бечелов |