Загрузка документа…
ѲЗГѲРYШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-январы № 2
Ѳзгѳрγш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 27-январындагы болуп ѳткѳн 6-чакырылышынын 1-сессияда такталып ашкан каражаттарды бѳлγштγрγγ жѳнγндѳ маселени карап чыгып Ѳзгѳрγш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. У. Акынбеков орто мектебинин котельныйын курууга алынган курулуш материалга 75,000 миң акча каражаты бѳлγнγп берилсин.
2. Кашка-Жол орто мектебине казылган кудукту тазалоо γчγн 5000 сом акча каражаты бѳлγнγп берилсин.
3. У. Акынбеков орто мектебинин мγдγрγнγн кабинетинин айнектерин пластик айнекке алмаштыруу γчγн 25,000 акча каражаты бѳлγнγп берилсин.
4. С. Субан атындагы башталгыч мектептин жылытуу системасын оңдоого 1000 жана У. Акынбеков О. М. нен шашке тамагын алып баруу γчγн бензинге 800 сом акча каражаты бѳлγнγп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы каржы бѳлγмγнγн башчысы Э. Батыркановага жγктѳлсγн.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Ѳзгѳрγш айыл аймагынын башчысы Э. Ниязалиевге жγктѳлсγн.
Төрага | Т. Бечелов |