Загрузка документа…
ѲЗГѲРYШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-январы № 4
Ѳзгѳрγш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 27-январындагы болуп ѳткѳн 6-чакырылышынын 1-сессияда такталып ашкан каражаттарды бѳлγштγрγγ жѳнγндѳ маселени карап чыгып Ѳзгѳрγш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 1- кварталына СООВП “Беш-Башат” долбооруна 10,582 сом акча каражаты бѳлγнγп берилсин.
2. Ѳзгѳрγш айыл аймагындагы № 6 УДТна компьютерди оңдоого жана ар кандай чыгымдарга 5,000 сом акча каражаты бѳлγнγп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы каржы бѳлγмγнγн башчысы Э. Батыркановага жγктѳлсγн.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Ѳзгѳрγш айыл аймагынын башчысы Э. Ниязалиевге жγктѳлсγн.
Төрага | Т. Бечелов |