Загрузка документа…
ѲЗГѲРYШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-январы № 8
Ѳзгѳрγш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 27-январындагы болуп ѳткѳн 6-чакырылышынын 1-сессияда Ѳзгѳрγш айыл аймагынынын депутаты Б. Бапиевдин У. Акынбеков орто мектебинин эски котельныйын капиталдык ремонттон өткөзүп спорт зал уюштуруу жөнүндөгү демилгесин угуп, талкуулап Ѳзгѳрγш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айылындагы У. Акынбеков орто мектебинин жылытуу системасы (котельный) жаңы курулган имаратка көчүрүлгөндүгүнө байланыштуу, котельныйдын эски имаратын капиталдык ремонттон өткөзүп, спорт зал уюштуруу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. У. Акынбеков орто мектебинин котельныйдын эски имаратын капиталдык ремонттон өткөзүп, спорт зал уюштуруу боюнча долбоорду даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Ниязалиевге тапшырылсын.
3. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын 345652 сому, анын ичинен айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинен 172826 сому бөлүнүп берилсин, 172826 сому айыл жашоочулардын эмгек жана материалдык салымынын эсебинен каржылансын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Ниязалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Бечелов |