Загрузка документа…
ѲЗГѲРYШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-февралы № 4
Ѳзгѳрγш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 18-февралындагы болуп ѳткѳн 6-чакырылышынын 3-кезексиз сессияда Ѳзгѳрγш айыл аймагынын 2015-жылдын 12-февралында болуп өткөн кырсыктан С. Субан, Келдияр уулу Сыдык көчөлөрүндөгү жайгашкан турак-жай курулуштарына берилген документтерин текшерүү жѳнγндѳ Ѳзгѳрγш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ѳзгѳрγш айыл аймагынын 2015-жылдын 12-февралында болуп өткөн кырсыктын мындан ары болтурбоо γчγн С. Субан, Келдияр уулу Сыдык көчөлөрүндөгү жайгашкан турак-жай курулуштарынын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн комиссия курамы түзүлсүн.
К. Кенекеев - Өзгөрүш айыл аймагынын жер жана жарандык коргонуу боюнча адиси, комиссиянын тѳрагасы.
Б. Кенесариева - Өзгөрүш айыл аймагынын жооптуу катчысы, комиссиянын мүчөсү.
Р. Шатманов - Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты, мүчө.
Ж. Нарботоев - Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты, мүчө .
Р. Ниязалиев - Өзгөрүш айыл аймагынын чөлкөмдүк инспектору, мүчө.
2. Түзүлгөн комиссия курамына 2015-жылдын 17-мартына чейин С. Субан, Келдияр уулу Сыдык көчөлөрүндөгү мыйзамсыз курулган курулуштарды алуу жагы үй ээлерине эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ѳзгѳрγш айыл аймагынын башчысы Э. Ниязалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бечелов |