Загрузка документа…
ѲЗГѲРYШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-майы № 5
Ѳзгѳрγш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 18-майындагы болуп ѳткѳн 6-чакырылышынын 5-сессиясында Ѳзгѳрγш айыл аймагындагы карьерден кум, шагыл, топурак алууга баа коюу боюнча Ѳзгѳрγш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ѳзгѳрγш айыл аймагынын тургундарына кум, шагыл, топурак алууга бир машинага 50 (элү) сом төлөнсүн.
2. Айылдан сыртта жашаган тургундарга кум, шагыл, топурак алууга бир машинага 100 (жүз) сом, камаз автоунаасына 200 (эки жүз) сом төлөнсүн.
3. Кум, шагыл, топурак алууда эрежелерин бузгандыгы үчүн айылдын тургундарына 1000 (миң) сом, сыртта жашаган тургундарга 3000 (үч) миң сом штраф салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жер адиси К. Кенекеевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы башчы Э. Ниязалиевге жγктѳлсγн.
Төрага | Т. Бечелов |