Загрузка документа…
ѲЗГѲРYШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-августу № 2
Ѳзгѳрγш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 21-августунда болуп ѳткѳн VI-чакырылышынын 8-сессиясында Ѳзгѳрγш айыл аймагынын тургуну Э. Сооронкуловдун арызын карап Ѳзгѳрγш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1029-контурдагы Э. Сооронкуловдун жер үлүшүндө дренаж казылгандыгына байланыштуу кемип калган жер аянтын № 939 контурдагы КБФнын жер аянтынан толукталып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын жер адиси К. Кенекеевге жана жер комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б. Кенесариевага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Бечелов |