Загрузка документа…
ѲЗГѲРYШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 2
Ѳзгѳрγш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 03-ноябрында болуп ѳткѳн VI чакырылышынын 9-сессиясында Өзгөрүш айыл аймагынын С. Собуров атындагы башталгыч мектебинин капиталдык ремонтуна жана булочка ташууга акча каражатын бөлүп берүүгө Ѳзгѳрγш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айыл аймагынын С. Собуров атындагы башталгыч мектебинин жылытуу системасын салууга (курулуш материалдары, иш акысы) 40060 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. С. Собуров башталгыч мектебинин ашканасынын жоктугуна байланыштуу У. Акынбеков орто мектебинин ашканасынан булочка алып барууга 1 (бир) айга 1,500 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башкы бухгалтери Э. Батыркановага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б. Кенесариевага милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бечелов |