Загрузка документа…
ѲЗГѲРYШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-декабры № 3
Ѳзгѳрγш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 03-ноябрында болуп ѳткѳн VI чакырылышынын 10-сессиясында Өзгөрүш айыл аймагынын спорт залын оңдоп түзөө боюнча сметчиктин А. Раманкуловго акча каражатын бөлүп берүүгө Ѳзгѳрγш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. У. Акынбеков орто мектебинин эски жылытуу системасынын (котельный) имаратынын багын өзгөртүү спорт залдын оңдоп түзөө боюнча сметчик А. Раманкуловго келишимдин негизинде 33,000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Техникалык көзөмөлдөө иштерин жүргүзүү үчүн келишимдин негизинде А. Раманкуловго 15,000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башкы бухгалтери Э. Батыркановага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б. Кенесариевага милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бечелов |