Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-августу № 123/XXXVI - 2
Кайынды шаардык мэриясынын персоналдарды башкаруу кызматынын тутумун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесинин 1 – жана 5 – пункттарына ылайык Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын персоналдарды башкаруу кызматы 2016 – жылдын 01-августунан баштап түзүлсүн.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын персоналдарды башкаруу кызматынын тутуму № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |
№ 1 Тиркеме
Кайыңды шаардык кеңешинин
2016 – жылдын “26” 08
№ 123/XXXVI - 2
Токтому менен бекитилди
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык саны |
1 | Кызматтын башчысы | 1 |
2 | Жетектөөчү адис | 1 |
3 | Адис | 1 |
Аппарат жетекчиси Курманалиева Д.У.