Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-январы № 2
“Талас-Тараз-Суусамыр автожолунун түндүк тарабындагы райондор аралык мал айдап өтүүчү трассага жалпы аянты 1 га жер участогуна убактылуу кум, шагыл төгүү боюнча”
Күн тартибинде каралган: “Чакыр Чпы Санайи ве Тижарет” компаниясынын 2016-жылдын 25-январындагы чыг. № 26 сандуу кайрылуусунун негизинде суралган жер участогу Кара суу айылдык аймагынын административдик чегине киргендиктен Кара Суу айылдык кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чакыр Чпы Санайи ве Тижарет” компаниясынын “Талас-Тараз-Суусамыр автожолунун түндүк тарабындагы райондор аралык мал айдап өтүүчү трассага жалпы аянты 1га жер участогугуна убактылуу 2016-жылдын 1-февралдан 2016-жылдын 1-ноябрына чейин чейин 83+800 км чегиндеги жерге кум, шагыл төгүү боюнча кайрылуусуна макулдук берилсин.
2. Кара Суу айылынын тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Кара Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Биримкуловго милдеттендирилсин.
Төрайым | Н. Курманалиева |