Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 24/4
Кербен шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө
Кербен шаарынын участкалык шайлоо комиссиясынын иштөө мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жана жаңы курамды түзүү максатында, «КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» КР Мыйзамынын 19-беренесинин 7-пунктуна жана КР БШКсынын кайрылуусуна негиз, Кербен шаарынын участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жарандардын жана коомдук уюмдардын чогулуштарынан келип түшкөн токтомдорду, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын 2016-жылдын 10-августундагы № 24 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарандардын жана коомдук уюмдардын чогулуштарынан көрсөтүлгөн талапкерлер Кербен шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервинин курамына сунушталсын (тиркелет).
2. Кербен шаардык Кеңешинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн Кербен шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитип берүү жагы КР БШКсынан суралсын.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www.Kerben.Aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Шакиевге тапшырылсын.
Төрага | К. Бостонов |