КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2016-жылдын 16-августу № 24/5
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кербен шаарынын мэриясына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тууралуу Аксы райондук статистика бөлүмү менен Кербен шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
“КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик камсыз кылуунун тартибин белгилеп, мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.
Ошондуктан cтатистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кербен шаарынын мэриясына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тууралуу Аксы райондук статистика бөлүмү менен Кербен шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин долбоорун караган Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 11-августундагы № 25 токтомун талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кербен шаарынын мэриясына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тууралуу Аксы райондук статистика бөлүмү менен Кербен шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин (тиркелет № 1).
2. Кербен шаарынын мэриясына, келишимдин негизинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Статист кызматы-жетектөөчү адистин даражасында “КР муниципалдык жана мамлекеттик кызмат жөнγндө” мыйзамынын негизинде жумушка кабыл алынаары белгиленсин.
4. Кербен шаарынын мэриясы,башка өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча келишим түзүү үчүн кечиктирилгис чараларды көрсүн жана абал жөнүндө шаардык кеңешке мезгил-мезгили менен билдирүү берип турсун.
5. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом «www.Kerben.Aksy» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Шакиевге тапшырылсын.
Төрага | К. Бостонов |