Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 24/7
2016-жылга Кербен шаарынын бюджетине өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү жөнүндө
2016-жылга Кербен шаарынын бюджетине өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы пайда болгондугуна байланыштуу, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кербен шаардык кеңешинин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 3-августундагы «2016-жылда Кербен шаарынын бюджетине өзгөртүү - толуктоолорду киргизүү жөнүндө» № 46; 47 токтомдорун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга Кербен шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү – 975,0 миң сомго кыскартылсын.
2. 2016-жылга Кербен шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү – 975,0 миң сомго төмөнкүлөрдөн кыскартылсын:
- 701-башкаруу бөлүктүн 3111- имараттар жана курулмалар беренесинен – 400,0 миң сом;
- 709-балдар бакчасы бөлүгүнүн 2218-тамак аш азыктарын алуу беренесинен-575,0 миң сом
3. КР финансы министрлиги тарабынан берилген 2500,0 (эки миллион беш жүз) миң сом Кербен шаарынын 2016-жылдын бюджетине кириштелсин жана төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:
- 706 – ЖКХ бөлүктүн 3111- имараттар жана курулмалар беренесине –2247,0 (эки миллион эки жүз кырк жети) миң сом;
- 701-башкаруу бөлүктүн 3111- имараттар жана курулмалар беренесине – 253,0 (эки жүз элүү үч) миң сом
4. Муниципалдык ашкананын курулушу үчүн
701-башкаруу бөлүктүн 2222-артүрдүү материалдарды алуу беренесинен 3111-имараттар жана курулмалар беренесине – 100,0 миң сом которулсун.
5. Кербен шаарынын бюджетине тиешелүү тактоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аткаруу жагы Кербен шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин финансы, бюджет жана арыз даттануулар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н. Зыябековго жүктөлсүн.
Төрага | К. Бостонов |