Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 24/8
КР Эсептөө палатасынын «Кербен шаарынын 01.01.2014-жылдан 31.12.2015-жылга чейинки бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча текшерүүсүнүн» жыйынтыгы жөнүндө
КР Эсептөө палатасынын “Кербен шаарынын 01.01.2014-жылдан 31.12.2015-жылга чейинки бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча текшерүүсүнүн” жыйынтык отчету тууралуу Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча бөлүнүшүнүн жетекчиси А. Тажиевдин 28.06.2016-жылдагы № 01-12/475 сандуу билдирүүсүн караган Кербен шаардык кеңешинин бюджет, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 3-августундагы № 48 токтомун талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан 2015-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Кербен шаарынын бюджетинин түзүлүшү жана натыйжалуу аткарылышы боюнча Кербен шаарынын мэриясы тарабынан бюджеттик мыйзам бузууларга жол берилгени белгиленсин.
2. Кербен шаарынын мэри:
- мэриянын мыйзам бузууга жол берген тиешелүү кызматкерлерине чара көрүп жыйынтыгын шаардык Кеңешке билдирсин
- КР эсептөө палатасынын аудитинин отчеттунда көрсөтүлгөн сунуштары боюнча иш чараларды иштеп чыксын жана бюджеттик мыйзамдарга ылайык иш алып барсын.
- Кербен шаардык кеңештин кийинки жылдардагы бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча токтомдорунун чегинде иш алып барууну жетекчиликке алынсын.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин финансы, бюджет жана арыз даттануулар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н. Зыябековго жүктөлсүн.
Төрага | К. Бостонов |