Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 24/16
Кербен шаардык кеңешинин депутаты Мырзамамытов Зыябек Асановичке “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Кербен шаардык кеңешинин депутаты Мырзамамытов Зыябек Асанович бир топ жылдардын бери Аксы районунун аймагында иштеп, анын социалдык - экономикалык өнүгүшүнө үзүрлүү салымын кошту. Ошондой эле Кербен шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу багытында алгылыктуу иштеп ири өлчөмдө инвестиция тартууга жетише алды.
Кербен шаарынын мэриясынын жамаатынын жана тургундарынын Мырзамамытов Зыябек Асановичке “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө кайрылууларын жана Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 12-августундагы № 27 токтомун карап жана талкуулдап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаардык кеңешинин депутаты Мырзамамытов Зыябек Асановичке “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» жазылган лентаны даярдоо шаардык кеңештин аппаратына тапшырылсын.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Шакиевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Бостонов |