Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 89
“Александровка айыл аймагындагы калк жашаган жерлерин чек араларын белгилөө үчүн материалды бекитүү жөнүндө”
Мамлекеттик долбоорлор инстититу “Гипрозем” республикалык топурак-агрохимиялык станциясынан берилген Александровка айыл аймагынын калк жашаган жерлеринин чек араларын белгилөө боюнча Александровка айылдык кеңешинин 2016-жылдын 2-августундагы жер боюнча комиссиянын отурумундагы протоколун, Кыргыз Республикасынын“ административдик - аймактык түзүлүш боюнча” Жер Кодексинин 13-берененин 3-пунктун жетектеп:
Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик долбоорлор институту “Гипрозем” республикалык топурак-агрохимиялык станциясынан иштеп чыгарылган жана берилген Александровка айылынын жана анын курамына кирген МТФ № 1 көчөсү, Беш-Көрүк айылы, Крупский айылы жана анын курамына кирген Кара-Дөөбө кыштагынын чек аралары бекитилсин.
2. Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Сушанло Ш.И. Александровка айыл аймагынын калк жашаган жерлеринин чек араларын белгилөө боюнча материалдарды бекитүү үчүн Москва райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык кеңешинин жер боюнча комиссиянын төрагасы М.С. Джеджезага жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Ягузов |