Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 91
“Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги спорттук курамынын (стадиондун) аймагындагы спорт залын курууга уруксат берүү жөнүндө”
А.Ю. Мабонун 2016-жылдын 25-июлундагы арызын карап чыгып, Александровка айыл өкмөтүнүн юрист башкы адисинин милдеттерин аткаруучу Э. Умарованын маалыматын угуп жана Алексанровка айылынын Спорттук көчөсүндө жайгашкан Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кирген, ижарага берилген спорттук курулманын колдонуудагы келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө берилген материалдарын карап чыгып,
Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгон стадиондун аймагында спорттук курулушту темир бетондук жеңил конструкциясынан кошумча курууга уруксат берилсин.
2. Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.И. Сушанло Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги спорттук курулманын (стадиондун) колдонуудагы келишимине киргизиле турган өзгөртүүлөрүнө жана толуктоолоруна кошумча макулдашуу түзүлсүн.
3. Стадиондун аймагында обьектилерди курууда, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык талаптарды жана нормаларды, архитектуралык-курулуш, экологиялык, санитардык талаптарды жана нормаларды Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык так сакташсын.
4. Спорттук курулманын ижарасынын мөөнөтү өткөндөн кийин, бардык курулган жана белгиленген обьектилер Александровка айыл өкмөтүнүн менчигине акысыз отүшөт.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасы М.М. Давузовго жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Ягузов |