Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-ноябры № 92
Талас жардамчы мектеп интернатынын айланасына 60 орундуу кыздар жатакансын куруу γчγн жер бѳлγп берγγ тууралуу
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике баатыр айыл ѳкмѳтγнγн 09.12.2010-жылдагы № 75 токтомунун негизинде Кѳмѳкчγ мектеп интернатынын айланасына 60 орундуу кыздар жатаканасын куруу γчγн ошол эле чарбактын тγштγк-батыш тарабынан 825 м 2 жер бѳлγнγп берилген токтому кγчγндѳ калтырылсын.
2. Курулуш иштеринин тийиштγγ кагаздары Талас райондук курулуш башкармалыгынан жана райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынан мыйзам чегинде каралсын.
3. Жатакана куруу γчγн сырттан инвестиция тартылып атайын проектинин негизинде курулсун.
4. Иш кагаздарынын бγткѳрγγ жагы кѳмѳкчγ мектеп интернатынын директоруна жγктѳлсγн.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысына жγктѳлсγн.
Төрага | А. Беримкулов |