Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-ноябры № 93
Кумарык айылындагы мончонун кир жуучу жагын спорттук комплексинин кγрѳш зал катары убактылуу колдонуу жѳнγндѳ
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз № 20 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын жаштарына Кумарык айылындагы мончонун кир жуучу жагын спорттук комплексинин кγрѳш зал катары убактылуу колдонууга берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Беримкулов |