Редакцияот 19.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мангыт айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы

 

2016-жылдын 19-марты № 22-25

Мангыт айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-декабрындагы 20-сессиясынын № 20-19 сандуу токтомун жокко чыгаруу жѳнγндѳ

Мангыт айылдык кеңешинин сессиясы Мангыт айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-декабрындагы 20-сессиясынын № 20-19 сандуу токтомун мыйзамсыз кабыл алынгандыгына байланыштуу жокко чыгаруу жѳнγндѳгγ Араван райондук прокуратурасынын 2016-жылдын 15-мартындагы №11-252-16 сандуу сунуш (каршылык билдирγγ) катын карап жана талкуулап, тѳмѳндѳгγдѳй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мангыт айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-декабрындагы 20-сессиясынын №20-19 сандуу токтому мыйзамсыз кабыл алынгандыгына байланыштуу жокко чыгарылсын.

2. Толойкон таза суу коомдук бирикмесине Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жѳнγндѳгγ Кодексинин 13-главасынын 546-5-статьясына ылайык административдик жаза колдонууга экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкы мамлекеттик инспектор жана анын орун басарлары укуктуу болгондугуна байланыштуу ушул мамлекеттик органдарга кайрылуу жагы сунушталсын.

3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына айылдык кеңештин сессияларына маселе даярдоо учурунда айылдык кеңештин компетенциясына кирбеген маселелердин сессиянын кароосуна сунуш кылуудан мурда маселени терең γйрѳнγп чыгуу талап кылынсын.

 

Төрага

Т. Торобаев