Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июну № 23-27
АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында Толойкон айылындагы Канбото жайытына баруучу кечγγнγ ремонттоо жана Жаңы-Арык айылындагы Мырзаке жайытына баруучу жолду ремонттоо долбоорлору жѳнγндѳ
Депутаттардын Мангыт айылдык кеңеши АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында Толойкон айылындагы Канбото жайытына баруучу кечγγнγ ремонттоо жана Жаңы-Арык айылындагы Мырзаке жайытына баруучу жолду ремонттоо долбоорлору жѳнγндѳгγ маселени карап жана талкуулап тѳмѳндѳгγдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳгγ 2011-жылдын 15-июлу № 101 Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна ылайык АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында Толойкон айылындагы Канбото жайытына баруучу кечγγнγ ремонттоо жана Жаңы-Арык айылындагы Мырзаке жайытына баруучу жолду ремонттоо долбоорлорун ишке ашырууга уруксат берилсин.
2. Долбоорду турмушка ашыруу ишине ар тараптан кѳмѳк кѳрсѳтγγ Мангыт айыл ѳкмѳтγнѳ милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылууну кѳзѳмѳлдѳѳ милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
Төрага | Т. Торобаев |