Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-апрели № 3
Ленин айылындагы маданият үйүнүн ремонту жөнүндө айыл өкмөт башчысы Ч. Мурзакановдун аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңештин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонтунун жүрүшү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Ч. Мурзакановдун билдирүүсү эске алынсын жана ремонт ишин аяктоо милдеттендирилсин.
2. Маданият үйүнүн ремонтунун кечеңдөөсүнүн себептерин аныктоо жана ремонтунун алдыга жылуусуна жардам көрсөтүү максатында төмөндөгүдөй курамда депутаттык топ түзүлсүн:
- Абдкадыров Эрмек – депутаттык топтун башчысы;
- Кеңешбаев Мамасадык – депутаттык топтун мүчөсү;
- Мамырасулов Мамасадык – депутаттык топтун мүчөсү;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасы Б. Токтосуновко милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Токтосунов |