Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-апрели № 4
Турмуш тиричилик коммуналдык чарбасынын (Т.Т.Ч.) башчысы Жумабаев Т. 2016-жылдын I кварталында аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы жөнүндө (таза суу, таштандыларды чыгаруу, элден өндүрүлүүчү акчанын өндүрүмдүүлүгү, эмгек акылардын төлөнүшү, трактордун пайдаланылышы)
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңештин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турмуш-тиричилик коммуналдык чарбасынын аткарылган иштери жөнүндөгү маалыматы кабыл алнсын жана чарбанын ишин мындан ары дагы жандандыруу милдеттендирилсин.
2. Элге таза суу берүү убактысын мурунку убактарда 2 саат болсо, мындан ары 4 саат болуусу тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Б. Токтосунов |