НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVIII сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 15-августу № XXXVIII-1
Ноокат шаарына караштуу Барын участкасына балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Ноокат шаарына караштуу Барын участкасынын жашоочуларынын кайрылуусунун, Ноокат шаар мэриясинин 2016-жылдын 10-августундагы Ноокат шаар кеңешине жолдогон сураныч катынын негизинде Аэропорт көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн ичинен Ноокат шаар мэриясынын карамагына өткөрүлүп бериле турган 8 батирине муниципалдык балдар бакчасын уюштуруп ачуу жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу жылуулук берүү жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо жыйынынын берген сунуштарын карап чыгып, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 19-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарына караштуу Барын участкасынын Аэропорт көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн Ноокат шаар мэриясынын карамагына өткөрүлүп бериле турган 8 батирине муниципалдык балдар бакчасын уюштуруп ачууга макулдук берилсин.
2. Жаңыдан ачыла турган балдар бакчасын юридикалык каттоодон өткөрүү, тийиштүү документтерди даярдоону көзөмөлгө алуу жагы Ноокат шаарынын мэри О. Тургунбаеге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери, муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу жылуулук берүү жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |