НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVIII сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 15-августу № XXXVIII-2
Ноокат шаарынын аймагындагы №4 “Кара-Турпак” балдар бакчасынын 2-группа канасынын полун алмаштыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы № 4 “Кара-Турпак” балдар бакчасынын 2-группа канасынын полун алмаштыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы № 4 “Кара-Турпак” балдар бакчасынын 2-группа канасынын полун алмаштыруу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен өткөрүлгөн тендерлерден үнөм болгон акча каражатынын эсебинен 69 500 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Гафаров |