Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-августу № XXXVIII-3
Ноокат шаардык мэриясынын 2016-жылга шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетине түзөтүү киригизүү жөнүндө
2016-жылдын март айындагы Кыргыз Республикасы Ѳкмѳтγнγн № 138 токтомуна негиз “Ноокат жылуулук камсыздоо” ишканасы түзүлгөндүүгүнө байланыштуу бюджет каржылоодо 709-бөлүмдүн мектептердин 2224-беренесине А. Абдуваитов орто мектебине 520 000 сом көмүр каралгандыктан 709-бөлүмдүн 2224-беренеси 706-бөлүмдүн 2224-беренесине өзгөртүлүүсү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жыл шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинде 709-бөлүмдүн 2224-беренесине А. Абдуваитов орто мектебине 520 000 сом көмүр сатып алуу үчүн каралган акча каражатын 706-бөлүмдүн 2224-беренесине жылдырып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |