Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-августу № XXXVIII-4
Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Исанов атындагы эс алуу паркына Туркия мамлекетинин “ТИКО” компаниясы тарабинан берилген аттракцион менен тринажерлорду орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Н. Исанов атындагы эс алуу паркына Туркия мамлекетинин “ТИКО” компаниясы тарабинан берилген аттракцион менен тринажерлорду орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Н. Исанов атындагы эс алуу паркына Туркия мамлекетинин “ТИКО” компаниясы тарабинан берилген аттракцион менен тринажерлорду орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен өткөрүлгөн тендерлерден үнөм болгон акча каражатынын эсебинен 220 000 (эки жүз жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |