Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-марты № 03
Оро айыл ѳкмѳтγнγн типтγγ тγзγмγн жана штаттык тизимин ѳзгѳртγγ менен бекитγγ жѳнγндѳ
Оро айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 08.06.2013-ж. "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 05.08.2011-ж. № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруусунун (аткаруу органынын типтγγ тγзγмγн жана штаттык санын бекитγγ жѳнγндѳ" токтомуна ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу" № 403 токтомун жетекчиликке алып жана Оро айыл ѳкмѳтγндѳгγ штаттык тизимди бекитγγ жѳнγндѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 08.06.2013-ж № 403 токтомунун негизинде айыл ѳкмѳтγндѳ 10(он) штаттык тизими бекитилсин жана тѳмѳндѳгγдѳй кызмат орундары белгиленсин.
2. Штаттык тизимдин негизинде айыл ѳкмѳт башчысы, жооптуу катчы жана бѳлγм башчыдан сырткары γч башкы адис кызмат орду, эки жетектѳѳчγ адиси жана эки адис кызмат орду бекитилсин.
3. Жогоруда аталган штаттык тизимге ылайык ;
- айыл ѳкмѳт башчысы;
- жооптуу катчы;
- каржы - экономика бвлумунун башчысы;
- башкы адис - жер, турак жай, коммуналдык маселелер боюнча жана 6К боюнча
- башкы адис - соц. жактан коргоо боюнча;
- башкы адис - киреше боюнча
- жетектеечу адис - киреше боюнча жетектеечу адиси
- жетектеечу адис - чыгымдар- кассир бухгалтер жана экономист-статистика боюнча;
-адис - иш-кагаздарын жургузуу боюнча;
- адис - мал чарбасы жана ветеринария боюнча
4. Штаттык бирдик каралган токтомдун 2-жылдызчасын жетекчиликке алып айыл ѳкмѳтγндѳ жетектѳѳчγ адистин эмгек маянасы менен айыл башчысы кызмат орду калтырылсын.
- 1-май айылынын айыл башчысы-жетектѳѳчγ адиси
- Жонкоргон айылынын айыл башчысы - жетектѳѳчγ адиси
5. Штаттык бирдик каралган токтомдун 4-жылдызчасын жетекчиликке алып, аскерге милдеттуулердун саны ЗООден ашык болгондуктан, адистин эмгек маянасы менен эки аскердик эсеп столунун инспектору кызмат орду калтырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Э. Сураповго жγктѳлсγн.
Төрага | Б. Акматов |