Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-февралы № 2
Эл депутаттарынын Оро айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы Оро айылдык аймагынын финансы экономика бѳлγмγнγн башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын 2015-жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан киреше булактарын бѳлγштγрγγ жѳнγндѳгγ маселени каран чыгып, талкуулап Оро айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан киреше 1234640 сом ѳлчѳмγндѳ белгиленсин жана анын ичинен :
а) Мамлекеттик тейлѳѳ кызмат бѳлγмγнѳ;
2111 статьясына - 110240 сом
2121 статьясына - 19000 сом
2215 статьясына - 87000 сом
б) ЖКХ бѳлγмγнѳ;
2215 статьясына - 48400 сом
3111 статьясына - 810000 сом.
в) Билим берγγ бѳлγмγнѳ;
2215 статьясына - 80000 сом
3112 статьясына-80000сом акча каражаты бѳлγнγп берилсин.
2. Бγгγнкγ кγндѳ айлык акыга жана соцфондко карызыбыз жок.
3. Оро айылдык аймагынын финансы экономика бѳлγмγнγн башчысына жогорудагы кѳрсѳтγлгѳн акча каражатын токтомдун негизинде бѳлγп берγγ жагы милдеттендирилсин.
4. Оро айылдык аймагынын башчысы Э. Сурапов бѳлγнгѳн акча каражатын ѳз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын кѳзѳмѳлдγккѳ алсын.
Төрага | Б. Акматов |