Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-апрели № 57
Авто унааны пайдалануу жѳнγндѳ
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектγγ 11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳттγн балансындагы ВАЗ -2107 γлгγсγндѳгγ кызматтык автооунаанын «Беш-Таш суу» ИСКААКБ жаралган кѳйгѳйлγγ маселелерди чечγγ жаатында келишимдик негизде берилгендигине байланыштуу айыл ѳкмѳт башчысы А. Мамбетовдун жеке менчик ТОЙОТА КАМРИ γлгγдѳгγ В 8676 AT мамлекеттик номерлγγ авто унаасы менен транспорттук кызмат кѳрсѳтγγ γчγн кγйγγчγ май, транспортко керектγγ тетиктер жана ремонт чыгымдары бюджетте каралган сметага ылайык жγргγзγлсγн.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ бюджеттик комиссиянын тѳрагасы Э. Тажыкановго жγктѳлсγн.
Төрага | А. Беримкулов |