Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-августа № 62
Пландан тышкары бюджетке кирбей калган сатуудан алынган налогдон тγшкѳн 60,0 сом акча каражатын жумшоо жѳнγндѳ
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектγγ 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пландан тышкары бюджетке кирбей калган сатуудан алынган налогдон тγшкѳн 60,0 сом акча каражаты тѳмѳндѳгγ максаттарга жумшалсын К. Нурбеков орто мектебинин ажатканасынын куруудагы 5 % ѳздγк салымына 38280 сом жумшалсын.
2. Козучак айылындагы Кайназаров кѳчѳсγндѳгγ жаңы конушуна, Козучак айылындагы Тѳлѳн Мырзалиев кѳчѳсγнγн башына, Кумарык айылындагы Демски кѳчѳсγнγн этегиндеги жаңы конушка орнотулуучу трансформаторлорго жана М. Мамбетов атындагы о. м, К. Нурбеков атындагы о. м. ошондой эле «Байчечекей» бала бакчасындагы трансформаторлор турган жер тилкесине ѳз убагында укук берγγчγ кγбѳлγгγн алуууга жана аны документтештирγγ γчγн 21648 сом акча каражаты жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын бюджеттик комиссиянын тѳрагасы депутат Э. Тажыкановко жγктѳлсγн.
Төрага | А. Беримкулов |