Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 99
Токтогул шаарында “Шаарларды өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
АРИС тарабынан ишке ашырылуучу “Шаарларды өнүктүрүү” долбоору жана Токтогул шаарынын муниципалдык инфраструктурасынын энергетикалык эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча аракет планын карап жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарында АРИС тарабынан ишке ашырылуучу “Шаарларды өнүктүрүү” долбоору жактырылсын.
2. Аталган долбоордун алкагында Токтогул шаарында жүргүзүлүүчү иш-чараларга макулдук берилсин.
3. Токтогул шаарынын муниципалдык инфраструктурасынын энергетикалык эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча аракет планы жактырылсын.
4. Аракет планын жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү иштерди өз убагында аткарып, пландалган натыйжаларага жетишүү камсыздалсын.
5. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М. Калмурзаевге жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү иштерди аткаруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
10. Токтом күчүнө киргенден кийин көчүрмөлөрү тиешелүү мекемелерге жөнөтүлсγн.
Төрага | К. Дербишев |