Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 100
Токтогул шаарынын Башкы планын долбоорун кароо жөнүндө
Токтогул шаардык мэриясынын Кыргыз Республикасынын Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту менен 2015-жылдын 27-августунда түзгөн № 7-2/2015 келишиминин негизинде, Токтогул шаарынын Башкы планынын долбоору иштелип чыккандыктан, шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун № 2 бөлүмүнүн башчысы К.Т.Төлөбаев аткарылган иштер боюнча Токтогул шаардык кеңешинин сессиясында кеңири маалымат берди. Анын маалыматын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын Башкы планынын долбоору жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин жана калган иштерди улантууга макулдук берилсин.
2. Эки тараптуу келишимдин шарттарына ылайык, Башкы пландын 1 (бир) ай ичинде бүткөрүлүүсү талап кылынсын.
3. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү иштерди аткаруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
8. Токтом күчүнө киргенден кийин көчүрмөлөрү тиешелүү мекемелерге жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Дербишев |