Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 101
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 01.03.2016-жылдагы № 67, 06.06.2016-жылдагы № 89 , 28.07.2016-жылдагы № 93, токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамдарынын жана БУУнун Кыргызстанда Азык-тγлүк программасынын ишке ашырылып жаткандыгынын негизинде, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин маалыматы Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясы талкууга алды.
Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу жогорудагы токтомдорго өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу жактырылсын.
2. Комиссиянын корутундусунун негизинде төмөндөгү жумуштарды аткаруу үчүн каралган акча каржаттары кыскартылсын:
1) 01.03.2016 –жылдагы № 67 токтому боюнча:
- 5 Тиркемесинин 2 пунктунан майрамдык иш чараларды өткөрүү үчүн каралган акча каржатынын эсебинен – 158,3 миң сом;
2) 06.06.2016-жылдагы № 89 токтому боюнча:
- 2 пунктунан Болсунбек жана С. Жунусов атындагы көчөлөргө труба орнотуу үчүн каралган 86,2 миң сом;
- таштанды төгүлүүчу жайга электр жарыгын жеткирүүгө - 42,1 миң сом;
3) 28.07.2016-жылдагы № 93 токтому боюнча:
- 2 пунктунан Таласбай кичирайонунда курулуп жаткан кичи футбол аянтчасын тосмолоо үчүн каралган - 190,0 мин сом,
- райондук нотариустун кеңсесинин ижара акысын төлөө үчүн каралган - 36,0 миң сом,
- шаардык кеңештин жана мэриянын кеңселерине кондиционер алуу үчүн каралган - 36,0 миң сом,
- Керимбаев атындагы маданият үйунүн айланасына Wi-Fi интернет кызматын камсыздоо үчүн каралган - 10,0 миң сом
Жалпы кыскартылган акча каражаты: 558,6 миң сом.
3. Ушул токтомдун 2 пункту менен кыскартылган 558,6 миң сом акча каражаты, Токтогул шаарындагы Бөкөнбаев жана Токтогул атындагы мектептердин ашканаларына 3112статьясы боюнча жабдуу алууга жумшалсын (БУУнун азык-түлүк программасы).
4. Жылдын башында 01.03.2016-жылдагы № 67 токтому менен Акжон жаңы конушуна электр мамычаларын орнотуу жана чубалгыларын тартып берүү үчүн атайын каражаттын эсебинен каралган 600,0 акча каражатынын жетишсиздигинен, бул ишти аткаруу кийинки жылга калтырылгандыгы белгиленсин.
5. Атайын каржаттын эсебиндеги 600,0 миң сом акча каражаты ушул токтомдун 2 пунктунда аталган иштерди аткаруу үчүн чыгымдалсын.
6. Жогорудагы өзгөртүү, толуктоолор боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
7. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
9. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
10. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү иштерди аткаруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
11. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Дербишев |