МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын II сессиясы
2016-жылдын 19-сентябры № 1
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Миң-Булак айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп Minbulak.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Аңкашов |