Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-майы № 01-05/ 244
«Терра Компани» ЖЧКнун Кочкор-Ата шаарындагы пайдаланып жаткан жер аянттарынын пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы, «Терра Компани» ЖЧКнун өкүлү Г.С. Абдыкаровдун Кочкор-Ата шаарындагы пайдаланып жаткан Садовая н/ж көчөсүндөгү иден. коду : 3-04-04-1005-0224, 50 чарчы метр жер аянтынын жана Токтогул н/ж көчөсүндөгү иден.коду : 3-04-04-1001-0662 , 50 чарчы метр жер аянтынын пайдалануу багытын уюлдук байланыш базалык станциясын орнотуу үчүн өзгөртүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, «Терра Компани» ЖЧКнун 2012-2016- жылдарга салык төлөмдөрү төлөнгөндүгү жөнүндө Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Немат уулу Жайнактын билдирүүсүн эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине, КР «Жер Кодексинин» 12–беренесине жана КР «Граждандык Кодексинин» 232, 233-4-беренелерине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Терра Компани» ЖЧКнун өкүлү Гүлжигит Сатарбаевич Абдыкаровдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаарындагы пайдаланып жаткан Садовая н/ж көчөсүндөгү иден.коду : 3-04-04-1005-0224 , 50 чарчы метр жана Токтогул н/ж көчөсүндөгү иден.коду : 3-04-04-1001-0662 , 50 чарчы метр жер аянттарынын максаттуу пайдалануу багыты, уюлдук байланыш базалык станциясын орнотуу үчүн деген максаттуу пайдалануу багытына өзгөртүлсүн.
3. Максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүүгө тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокен райондук мам.каттоо Башкармасынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Нусупбеков |