Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-майы № 01-05/ 248
Кочкор-Ата шаар аймагындагы мектептерге «Кочкор-Ата-60» китебин бөлүп берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаар аймагындагы орто мектептердин директорлорунун мектеп китепканасына «Кочкор-Ата-60» китебин ар бир мектепке 25 даанадан бөлүп берүүнү суранган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын аймагында жайгашкан Н. Исанов атындагы жатак-гимназия, № 14 Губкин атындагы, № 15 Беки уулу Семетей атындагы, № 28 Ч. Айтматов атындагы орто мектептеринин директорлорунун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Ар бир мектепке 25 даанадан, жалпы 100 даана “Кочкор-Ата -60” китеби мектептердин китепканасына өткөрүлүп берилсин.
3. Китептерди өткөрүп берүү Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын материалдык эсепчиси Б.Абдыкалыковага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Төрага | А. Нусупбеков |