Загрузка документа…
КОЧКО-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-майы № 01-05/ 249
Мал-жандыктарды эмдөө тарифин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын ветеринары К.Алиевдин мал-жандыктарды эмдөө тарифин бекитип берүүнү суранган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын ветеринары Алиев Кыдырназардын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекитилген эмдөө тарифтери боюнча ишин так алып баруу Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын ветеринары К. Алиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Төрага | А. Нусупбеков |