Редакцияот 10.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 10-майы № 01-05/ 250

К. Арстанбаеваны Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгынан бошотуу жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары К. Арстанбаеваны өз милдетин аткарбагандыгы үчүн шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлыгынан бошотуу жөнүндө депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 38-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын сунушу эске алынсын.

2. Арстанбаева Касиет Дуйшеновна Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгынан бошотулсун.

 

Төрага

А. Нусупбеков