Редакцияот 10.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 10-майы  № 01-05/ 252

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын дайындоо жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн ачык добушу менен шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлыгына Ж.А. Токтосунов шайланганын жана төраганын милдетин аткаруучу катары шаардык кеңештин төрагасына төлөнүп келген эмгек акы өлчөмүндө айлык акысы , автоунаа майы, өз автоунаасын кызматтык автоунаа катары пайдалангандыгы үчүн компенсациясын төлөп берүү жөнүндө сунуштарын угуп жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 38-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтосунов Жолборсбек Абдыкапарович Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалсын.

2. Төраганын милдетин аткаруучу катары шаардык кеңештин төрагасынын айлыгынын өлчөмүндө эмгек акысы , автоунаа майынын чыгымдары, өз автоунаасын кызматтык автоунаа катары пайдалангандыгы үчүн компенсациясы төлөнүп берилсин.

3. Шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучуга  каралган айлык акы, жеңилдиктер жана компенсациясын төлөп берүү Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж. Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .

 

Төрага

А. Нусупбеков