Редакцияот 10.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 10-майы  № 01-05/ 253

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын мурдагы орун басары А. Нусупбековду сыйлоо жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын мурдагы орун басары Нусупбеков Асан Мамашовичтин ушул мезгилге чейин алып барган эмгегин баалап, төрт чакырылыштан бери шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп келгендигин, элге көрсөткөн кызматтарын, төрага жок мезгилинде анын ишин акыйкат,так, чеберчилик менен мыкты алып баргандыгын эске алып, төраганын орун басарлыгын тапшырып жатканда А. Нусупбековго ыраазычылык билдирүү максатында 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлоо көрсөтүү жөнүндөгү депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын сунушу эске алынсын.

2. Шаардык кеңештин төрагасынын мурдагы орун басары Нусупбеков Асан Мамашовичке 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлоо көрсөтүлсүн.

3. Сыйлоо үчүн керектелүүчү акча каражатын төлөп берүү Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М. Эгембердиевге жана шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж. Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .

 

Төрага

Ж. Токтосунов