Редакцияот 10.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 10-майы  № 01-05/ 254

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы, айрым депутаттардын 4 жолу сессияга катышпаганын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине, 24-беренесинин 7-пунктуна, КР “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесине жана Кочкор-Ата шаардык кеңешинин Регламентинин 12-бөлүмүнүн 7- пунктуна негиз 4 (төрт) жолу сессияга катышпаган төмөндөгү депутаттарды депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ажиматова Айгуль Кадырбаевна, Кимсанбаев Кабулжан Камилович, Джаманкулова Гулбайра Джумабековна, Абдибайитов Таалайбек Бүргөбаевич, Назаров Данияр Дуйшоевич, Эргешова Замира Маликовна, Байматова Паридахан Байматовна, Арстанбаева Касиет Дуйшеновна, Камбаров Сүйүналы Жээналиевичтерди депутаттык мандатынан ажыратылсын.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Нусупбеков