Загрузка документа…
КАЗАН-КОЙГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-июлу № 2
Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 26-июль.2016-жылдагы № 127 кайрылуусун кароо жөнүндө
Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 26-июль.2016-жылдагы № 127 кайрылуусун кароо максатында
Казан-Куйган айылынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казан-Куйган айыл ичиндеги тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн,айылдын төмөн жагынан бөлүнүп берилген мурунку таштанды таштоочу (полигон) толуп калгандыгына байланыштуу, ошол эле аймактан жаңы тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде 0,15 га жер аянты таштанды төгүүчү (полигон) уюштурууга бөлүнүп берилсин.
2. Мурунку тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн таштанды таштоочу (полигон) 0,15 га жер аянты таштандыга толуп калгандыгына байланыштуу, толук топурак менен көмүлүп рекультивация кылынсын.
3. Жер участогун бөлүп берүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы З.Кемелбековго милдеттендирилсин
Төрага | М. Солтонкулов |