Редакцияот 18.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казан-Куйган айылдык кеңешинин ХХVI чакырылыштагы 32-сессиясы

 

2016-жылдын 18-августу № 32/1

КРӨнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө

КРӨнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени КР Конституциясын, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде Казан-Куйган айылдык кеңешинин ХХVI чакырылыштагы кезексиз 32-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Райондук жарандык актыларын каттоо бөлүмүнө жарандардын туулгандыгы жөнүндө актыны,никелешүү жөнүндө актыны,өлгөндүгү жөнүндөгү актыны,аталыкты аныктоо жөнүндөгү актыны каттоо жана чогултуу боюнча,документтерди алууга жана жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө КРӨнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин..

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент,мыйзамдуулук, укук тартиби,депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (Б. Токтакунова) тапшырылсын.

 

Төрага

М. Солтонкулов