Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июлу № 134
Куршаб айыл ѳкмѳтγнγн Эрдик Кайнар айылдарынын тургундарынын жана № 70 Ш. Эгемжаров атындагы орто мектебинин жамаатынын № 70 Ш. Эгемжаров атындагы орто мектебинин класстарын кыскартпай ачып берγγ боюнча сураныч каты жѳнγндѳ
Эрдик Кайнар айылдарынын тургундарынын жана Ш. Эгемжаров атындагы орто мектебинин жамаатынын сураныч катын карап чыгып Ш. Эгемжаров атындагы орто мектеби райондун борборунан 30 (отуз) километр аралыкта жайгашып, эн. жакын жайгашкан мектептин аралыгы 16 (он алты) километр экендндигин жана жакынкы мектепке баруу γчγн ээн талаа менен баруу керек. Жолдо жγрγγдѳ ар кандай кырсыктар болушу мγмкγн, себеби карышкырлар бар жана чѳбѳрγлѳр кѳп. Ошону γчγн класстарды кыскартпай ачып берγγ максатында Куршаб айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 70 Ш. Эгемжаров атындагы орто мектеби райондун борборунан 30 (отуз) километр. Эң жакын жайгашкан мектептин аралыгы 16 (он алты) километр экендигин жана жакынкы мектепке барууга ээн талаа менен барууга ,жолдо жγрγγдѳ ар кандай кырсыктардын болушун, карышкырлар жана чѳбѳрγлѳр кѳп болгондугуна байланыштуу класстарды кыскартпай, ачып берγγ жагы Ѳзгѳн райондук билим берγγ башкармалыгынан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы билим берγγ жана Саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Ахунов |