Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июлу № 135
Кγн тартибиндеги Куршаб айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 9 айына карата бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлγгγнγн отчету тууралуу маселени угуп, талкуулап Куршаб айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин киреше бѳлγгγнγн 2015-жылдын 9 айына аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Куршаб айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин чыгаша бѳлγгγнγн 2015-жылдын 9 айына аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Куршаб айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин 2015-жылдын 9 айына карата γнѳмдѳлгѳн (жашылдандыруудан – 75 600 (жетимиш беш миң алты жγз) мамычадан (электро столба) - 53 250 (элγγ γч миң эки жγз элγγ) жана кѳмγр сатып алуудан-471 700 (тѳрт жγз жетимиш бир миң жети жγз) сом алынган жана электро энергия γчγн республикалык бюджеттен бѳлγнгѳн каражат 205 000 (эки жγз беш миң) сом, асфальт тѳшѳѳ γчγн бѳлγнгѳн каражат-490 000(тѳрт жγз токсон миң) сом жалпысы 1 295 550 (бир миллион эки жγз токсон беш миң беш жγз элγγ) сом акча каражаты тѳмѳнкγ багыттарда жумшалсын:
- жарыктандыруу γчγн- 200 000 сом - ФК Алдиер- 300 000сом
- билим берγγ тармагы- 200 000сом
- айыл ѳкмѳтγнγн бухгалтериясына 1 С программасын киргизγγ γчγн 92700 сом
- таза суу γчγн- 100000 сом
- компьютер сатып алуу γчγн-43 000сом
- интерактивдγγ доска жана проектор γчγн-79 000сом
- жарнак γчγн -30 000сом
- маданият бѳлγмγнѳ -100000 сом
- электр ѳткѳргγч зым учун(электро провод)-50 000 сом.
4. Куршаб айыл ѳкмѳтγнγн 2016-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлγгγнγн долбоорун тγзγγнγ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтγγ коомдоштуктун тургундары үчүн бюджет боюнча бюджеттик коомдук угуу уюштурулсун.
5. Ушул токтомдорду аткаруу жагы айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Ж. Калбаевке жγктѳлсγн.
6. Токтомдордун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, экономика маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
Төрага | Т. Ахунов |