Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-октябры № 138
Куршаб айыл аймагындагы ветеринардык сервистердин ишмердγγлγгγ жѳнγндѳ
Куршаб айыл аймагындагы ветеринардык сервистердин ишмердγγлγгγ жѳнγндѳгγ маселени карап чыгып Куршаб айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган ) кезектеги ХХIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы ветеринардык кызматкерлердин элдин малын тейлѳѳдѳ кээ бир вакциналардын жетишсиздиги жана эмдѳѳ учурунда баалардын ѳзгѳрγγсγн эске алып, аткарып жаткан иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Ветеринардык сервистердин башчыларына, айыл ѳкѳмтγн жайыт комитетинин тѳрагасы А. Жолдошовко мал жандыктарга белгиленген тариф менен ѳз мѳѳнѳтγндѳ эмдѳѳ жγргγзγγ жагы эскертилсин.
3. Вакциналар менен ѳз убагында сапаттуу тейлѳѳнγ уюштуруу жагы айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Н.Ж. Калбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин электр энергия, байланыш, таза суу, коммуналдык чарба, ветеринардык кызмат жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
Төрага | Т.Х. Ахунов |