Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-октябры № 140
Эрдик айылынын тургундарына жеке менчик турак жай куруу γчγн жер бѳлγп берγγ жѳнγндѳ
Эрдик айылынын тургундарынан жеке менчик турак γй салуу γчγн жер участогун бѳлγп берγγ жѳнγндѳгγ масепени карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл ѳкмѳтγнγн Эрдик айылынын тургундарына кайрак айдоо жер аянтынан № 576-контурдагы 11,2 га, жер тилкеси калктуу конуштарды кеңейтγγгѳ калтырылган жер тилкеси болуп белгиленген.Азыркы учурда 2,0 гектарына мектеп курулуп 9,20 га жери бош турган жер аянты бѳлγнγп берилсин.
2. Ѳзгѳн райондук архитектурадан керектγγ болгон документтерди жана иш кагаздарын даярдап берγγ жагы суралсын.
3. Бѳлγнγп берилген жер аянтына болгон укуктуу каттоо жагы Ѳзгѳн райондук «Мамкаттоо» башкармалыгынан суралсын.
4. Керектγγ иш кагаздарын даярдап бγтγрγγ жагы айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Ж.Н. Калбаевке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин жер, мелорация, турак жай,жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Ахунов |